Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 12-апрели № 11-3
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана
көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдын көчөлөрүн,
арыктарын тазалоонун абалы жана ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдардын көчөлөрүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Асановдун жана талкууга катышкан депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдардын көчөлөрүн, арыктарын тазалоо жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча айыл аймагынын айыл башчыларынын, мекеме-ишканалардын жана мектептердин жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Айыл аймагынын айыл бащчыларына , дыйкан жана фермер чарба жетекчилерине жазгы талаа иштерин аткарууда айыл өкмөтүнүн жер адистери менен тыгыз байланышта болуп, талаачылыкта аткарылып жаткан иштерде илимдин акыркы жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу менен алгылыктуу иштерди алып баруу милдеттендирилсин.
3. №10, 23 ҮБДТдын жетекчилери, мектеп директорлору, № 54 –КЛ директору, коомдук уюмдар жана айыл башчылар мындан ары мекеме-ишканалардын айланасын жана айылдардын көчөлөрүн көрктөндүрүүдө, арыктарын тазалоодо жана ишембиликтерди өткөрүүдө жүргүзүп жаткан иштерин күчөтүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|