Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 12-апрели № 11-2
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Кызыр-Ата” СПАсынын 2013-жыл
ичинде аткарган иштери, 2014-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы «Кызыр-Ата» суу пайдалануучулар асоссациясынын 2013-жыл ичинде аткарган иштери жана 2014-жылда түзүлгөн иш пландары тууралуу “Кызыр-Ата” СПАнын директору Р.Жумабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы «Кызыр-Ата» суу пайдалануучулар асоссациясынын 2013-жыл ичинде аткарган иштери белгиленсин.
2. “Кызыр-Ата” СПАсынын 2014-жылда аткара турган иш-пландары кайрадан айыл кеңешинин туруктуу комиссиясы менен биргеликте такталып чыгылсын.
3. Ак-Булак айылындагы суу пайдалануучуларды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу”Кызыр-Ата” СПА кеңешине милдеттендирилсин.
4. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы суу пайдалануучулар тарабынан төлөнүүчү суу акысы боюнча карызкорлордун тизмесин түзүү жана тез арада өндүрүү боюнча иш-чараларды көрүү “Кызыр-Ата” СПАсынын директору Р.Жумабаевге жана бухгалтери Д. Зайнидиновага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|