Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 12-апрели № 11-1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар
бирикмесин аткарып жаткан иштери жана жайыт пайдалануунун
тартиби жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан 2013-жыл ичинде аткарган иштери жана жайыт пайдалануунун тартиби, бир баш малга билет баасы, малчыларга бир малды багууга берүүнүн баасы тууралуу туруктуу комиссияда жана айыл кеңешинин сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жыл ичинде аткарган иштери эске алынсын.
2. Кыргыз-Ата жайыт комитетинин 2014-жылга түзүлгөн иш-планы жана жайыт пайдалануунун тартиби айтылган сунуштар жана толуктоолор менен бекитилсин.
3. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыттарда багылган ири мүйүздүү малдардын жана кой-эчкилердин бир башка малчыларга берүү баасы төмөндөгүдөй өлчөмдөн ашпасын:
кара малга (уй, торпок | 500 сомдон |
койлорго | 150 сомдон, |
эчкилерге | 150 сомдон. |
|
|
4. Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу жайыттарда багылган малдардын 1 башына коюлган баанын туруктуулугун ар дайым көзөмөлгө алып туруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн орун басары М.Асановго, жайыт комитетинин төрагасы К.Мариповго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|