Редакцияот 14.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX-сессиясы

 

2014-жылдын 14-февралы № 10-8

Кыргыз-Ата айыл кеңешинин № 379-Кыргыз-Ата шайлоо участкасынын

депутаты Марипов Бакытбек Асамидинович Кыргыз-Ата айыл

өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган-дыгына байланыштуу депутаттык

мандатын токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин № 379-Кыргыз-Ата участкалык шайлоо участкасынын депутаты Марипов Бакытбек Асамидинович Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине негиз Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин № 379-Кыргыз-Ата участкалык шайлоо участкасынын депутаты Марипов Бакытбек Асамидинович Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу 2013-жылдын 25-декабрындагы жазган арызынын негизинде депутаттык мандаты токтотулсун.

2. Токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев