КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы
2013-жылдын 23-ноябры № 8-8
Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин аймагындагы РИИБнын участкалык инспекторунун (ИДН)
2013-жылдын 9-айлык кылмыштуулуктун абалы боюнча аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл Кеңешинин 2013-жылдын 9-айлык жылдыгындагы кылмыштуулуктун абалы жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл Кеңешинин 2013-жылдын 9-айлык кылмыштуулуктун абалы боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн участкалык инспектору тарабынан аткарылган иштери канааттандырарлык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Бардык айылдарда кылмыштуулук боюнча айылдык жыйындарды өткөрүү, укук тартибин чыңдоо, укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү жана кылмышкерлерди айылдык жыйындарда талкуулоо, чара көрүү участкалык инспектор Б.Каратаев жана айыл аймагынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|