Редакцияот 23.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы

 

2013-жылдын 23-ноябры № 8-4

2013-жылдын күз-кыш мезгилине

мектептердин, балдар бакчалардын

даярдыгы жөнүндө

 

2013-жылдын күз-кыш мезгилине айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын даярдыгы жөнүндө Кыргыз-Ата айыл Кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн заседаниелеринде айтылган пикирлерди жана айыл кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Ата айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын 2013-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө, мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына :

- 2013-жылдын күз-кыш мезгилине көрүлгөн даярдыкты айтылган сын-пикирлерди жана кемчилдиктерди эске алуу менен күчөтүү;

- К.Каримов атындагы орто мектебинин спорт залына жылуулук киргизүү, электр энергиясынын кубатуулугун жогорулатууга чараларды көрүү жана ашканасын стол стулдар менен камсыз кылуу;

- К.Каримов атындагы орто мектебинин электр энергиясына кошумча 50000 (элүү миң) сом лимит кароо;

- Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин керектүү инвентарлар менен камсыз кылуу, өрт коопсуздук шиттерин орнотуу;

С.Токторов атындагы орто мектебинин спорт залына капиталдык ремонтуна 30000 сом акча каражатын бөлүү, Кызгалдак балдар бакчасынын айланасын тосуу иштери милдеттендирилсин.

Тажибай атындагы орто мектебинин спорт залына жана ашканасына электр энергиясы боюнча кошумча лимит киргизилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айылдын инфраструктурасын инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев