Редакцияот 23.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы

 

2013-жылдын 23-ноябры № 8-3

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы

КБФ жерлеринин пайдаланышы жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы КБФ жерлеринин пайдаланышы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн заседаниелеринде айтылган пикирлерди жана айыл кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Ата айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы КБФ жерлерин пайдалануу, аренда акыларын өз убагында топтоо жана арендаторлор менен үзгүлтүксүз иштерди алып баруу боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер адистери тарабынан 2013-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери эске алынсын.

2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы КБФ сугат жерлеринен 7,81 га жерди трансформациялоо иштери 2013-жыл ичинде бүткөрүү. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Асановго жана жер адиси М.Аманбаевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына тапшырылсын

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев