Редакцияот 23.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы

 

2013-жылдын 23-ноябры № 8-1

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 9 айлык бюджетинин

аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз-Ата айыл Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн заседаниесиндеги айтылган пикирлерди жана айыл кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Ата айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 9 айлык бюджеттинин киреше бөлүгү такталган план 31709,2 миң сомго, аткарылгандыгы 32116,4 миң сомго же 101,3 %га, чыгаша бөлүгү план боюнча 32644,4 миң сомго, аткарылгандыгы 30872,4 миң сомго же 94,6 % га бекитилсин .

2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштер канааттандырарлык деп табылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев