Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII-сессиясы
2013-жылдын 10-августу № 7-11
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2013-жылга түзүлгөн бюджеттик
сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2013-жылга түзүлгөн бюджеттик сметасына өзгөртүү же болбосо элге билим берүү бөлүмүндө айылдык округунун аймагында жайгашкан мектептердеги мугалимдердин соц.фондко жетпей калган акчалары үчүн 85,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү максатында Кыргыз-Ата айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы мектептерде иштеген мугалимдердин жетпей калган сумманы социалдык фонндко чегерүүлөр үчүн 85,0 миң сом жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кыргыз-Ата айылдык округунун ФЭБ башчысы Б.Аматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|