Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII-сессиясы
2013-жылдын 7- майы № 7-9
Кыргыз-Ата айылдык округундагы Кыргыз-Ата айылынын тургуну
Маматалиев Кожомкулга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округундагы Кыргыз-Ата айылынын жашоочусу Маматалиев Кожомкулдун үйү сел кырсыгынан жапа тарткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8-апрель 2013-жылдын № 48 токтомунун, Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын 2010-жылдын 26-июнундагы актысынын негизинде КБФ жеринен трансформациялангандан кийин 0,08 га жер участогун бөлүп берүү тууралуу Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округундагы Кыргыз-Ата айылынын жашоочусу Маматалиев Кожомкулдун жашап жаткан үйү сел кырсыгынан жапа тарткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8-апрель 2013-жылдын № 48 токтомунун, Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын 2010-жылдын 26-июнундагы актысынын негизинде негизинде КБФ жеринен трансформациялангандан кийин 0,08 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтына тиешелүү документтерди бүткөрүү айылдык округунун башчысынын орун басары М.Асановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктүлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|