Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII-сессиясы
2013-жылдын 10-августу № 7-4
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы мектептердин 2013-2014-окуу жылына карата
даярдыгы, ремонту жана кышка даярдыгынын абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени туруктуу комиссияда талкуулап жана угуп Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн айылдык округунун аймагындагы мектептердин, балдар бакчалардын 2013-2014-окуу жылына карата социалдык обьектилерди кышка карата даярдоо жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Мектептердеги окуу тарбиялык иштердин сапатын жакшыртуу, ата-энелер комиеттеринин иштерин активдештирүү, үй-бүлө жана мектептин ортосундагы байланышты күчөтүү, предметтер боюнча тереңдетип окутуу, ар бир окуучуну китептер менен толук камсыз кылууга жетишүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу иштери мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Кыргыз-Ата айылдык округундагы социалдык обьектилердин 2013-2014-жылындагы кыш мезгилине карата даярдоо, электро-монтаж бөлүктөрүн толук текшерип чыгуу, эскирген электр бөлүкчөлөрүн жаңылоо айылдык округунун электриги М.Ураимовго жана клуб башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук кеңешинин социалдык иштер,маданият, билим берүү,саламаттыкты сактоо,миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрайымы |
И. Эргешова
|