Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-августу № 7-3
Кыргыз-Ата айылдык округундагы аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин,
социалдык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жана мамлекеттик жөлөк пул,
пенсия жана соц.жардамдардын берилиши тууралуу
Кыргыз-Ата айылдык округундагы аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, социялдык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жана мамлекеттик жөлөк пул, пенсия жана соц жардамдардын берилиши тууралуу Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин аксакалдар соту А.Тажибаевдин, аялдар кеңешинин төрайымы К.Ашимованын, социалдык бөлүмүнүн башчысы Ш.Аттокурованын 2013-жылдын биринчи жарым жылындагы аткарган иштери айтылган сын-пикирлерди жана кемчилдиктерди эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгы эске алынсын.
2. Кемчилдиктерди мындан ары болтурбоо жана айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен иш жүргүзүү аксакалдар сотунун төрагасы А.Тажибаевге, аялдар кеңешинин төрайымы К.Ашимовага, жана социалдык бөлүмүнүн башчысы Ш.Аттокуроваларга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин төрайымы |
И. Эргешова
|