Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII-сессиясы
2013-жылдын 10-августу № 7-2
Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы РИИБнын участкалык инспекторлорунун (ИДН) 2013-жылдын 9 айында кылмыштуулуктун абалы боюнча аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы РИИБнын участкалык инспекторлорунун (ИДН) 2013-жылдын 9 ай ичиндеги кылмыштуулуктун абалы жөнүндөгү отчетторун угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык аймагында 2013-жылдын 9 айында кылмыштуулуктун абалы боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн участкалык инспекторлору тарабынан аткарылган иштер канааттандырарлык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Бардык айылдарда кылмыштуулук боюнча айылдык жыйындарды өткөрүү, укук тартибин чыңдоо, укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү жана кылмышкерлерди айылдык жыйындарда талкуулоо, чара көрүү участкалык инспекторго жана айыл аймагынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|