Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII-сессиясы
2013-жылдын 10-августу № 7-1
Кыргыз-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
2013-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштери жөнүндө
1. Кыргыз-Ата айыл аймагында 2013-жылда I жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө мекеме-ишканалар, чарбалык субьектилер жана айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы менен катар айыл аймагында айыл-чарба, өнөр-жай өндүрүшүн жогорулатууда, салыктардан, электр энергиясынан жана башка төлөмдөрдөн айрым кемчилдиктерге жол берилгендиги белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына, салык инспекторлоруна, айыл аймагындагы мекеме-ишкана жетекчилерине 2013-жылдын I жарым жылдыгында кетирилген кемчилдиктерди оңдоо менен II жарым жылдыкта салыктан, суудан, электр энергиясынан болгон карыздарды кескин кыскартуу боюнча иштерди алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук кеңешинин экономика,бюджет ,салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|