Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-12
Кыргыз-Ата айылдык округунун тургуну Карбеков Мамасалиге
жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун Кыргыз-Ата айылынын жашоочусу Карбеков Мамасалинин үйү тоо көчкү коркунучу бар жерде жайгашкандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8-апрель 2013-жылдын № 48 токтомунун, ӨКМ Ноокат райондук бөлүмүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 121-корутундусунун негизинде КБФ жеринен трансформациялангандан кийин 0,08га жер участогун бөлүп берүү тууралуу Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун жашоочусу Карбеков Мамасалинин жашап жаткан үйү жер көчкү коркунучу бар жерде болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8-апрель 2013-жылдын № 48 токтомунун, ӨКМ Ноокат райондук бөлүмүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 121-корутундусунун негизинде КБФ жеринен трансформациялангандан кийин 0,08га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтына тиешелүү документтерди бүткөрүү айылдык округунун башчысынын орун басары М.Асановго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Назарбаев
|