Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-11
Кыргыз-Ата айылдык округуна караштуу Кыргыз-Ата айылынын
Ымам-Ата участкасында суу топтолуучу курулмалар үчүн жер
аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунда “Таза Суу” долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз-Ата айылынын Ымам-Ата участкасында суу топтолуучу курулмалар үчүн кайра бөлүштүрүү фонд жеринен 0,55 га жер аянттын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунда “Таза Суу” долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз-Ата айылынын Ымам-Ата участкасында суу топтолуучу курулмалар үчүн кайра бөлүштүрүү фонд жеринен 0,55 га жер аянттын ажыратып берүүгө ураксат берилсин.
2. Ажыратып берилген жер аянтын трансформациялоого документтерди даярдап берүү айылдык округуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Назарбаев |