Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-11
“Кыргыз-Ата” фермерлер кошуунунун
иш аракетин токтотуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагында жайгашкан АРИС программасынын “Кыргыз-Ата” фермерлер кошуунун окутуу жана тажрыйба өткөрүү иштери аягына чыккандыгына байланыштуу “Кыргыз-Ата” фермерлер кошуунунун иш аракетин токтотуу максатында Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы АРИС программасынын алкагында түзүлгөн “Кыргыз-Ата” фермерлер кошуунунун иш аракети токтотулсун.
2. Ноокат райондук статистика бөлүмүнөн, мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынан жана соцфонддон каттоодон өз убагынан чыгаруу “Кыргыз-Ата” фермерлер кошуунунун төрагасы К.Каримовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Назарбаев |