Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-9
Ноокат токой чарбасына жана Кыргыз-Ата улуттук паркына
өтүп кеткен айдоо жерлерди кайтарып алуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат токой чарбасына 22,5 га жана Кыргыз-Ата улуттук паркына 6га жалпысы 28,5 га өтүп кеткен айдоо жерлерди айылдык округуна кайтарып берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
2. Өткөрүп алууга керектүү документтерди даярдоо жана жогорку органдарга тапшыруу айылдык округунун башчысынын орун басары М.Асановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Назарбаев |