Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-8
Кыргыз-Ата айылдык округуна караштуу айылдардагы жолдорду
кеңейтүү боюнча айыл тургундарынан түшкөн арыздарды
чечүү максатында убактылуу комиссия курамдарын түзүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагында жайгашкан Көтөрмө,
Ак-Булак айылдарынын тургундарынан түшкөн жол маселелери боюнча арыздарды карап чыгуу үчүн убактылуу комиссия курамын түзүү максатында Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айылдык округунун Көтөрмө айылындагы “Ынтымак” көчөсүнүн тургундарынан келип түшкөн жол тууралуу арызды чечүү үчүн төмөнкүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:
Зулпуев Рахман | –айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын төрагасы. |
Мүчөлөрү: | |
Шарипов Топчубай | -айылдык кеңештин депутаты |
Нараев Зулум | -айылдык кеңештин депутаты |
Аттокуров Абдыкалык | –айылдык округунун жер, турак-жай – коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис. |
Садиров Таалай | -Көтөрмө айылынын айыл башчысы. |
2. Айылдык округунун Ак-Булак айылындагы “Манас 1000” көчөсүнүн тургундарынан келип түшкөн арызды чечүү үчүн төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. Ысмаилов Төрөбай | –айылдык кеңештин депутаты комиссиянын төрагасы. |
Мүчөлөрү :
| |
Сапарова Айзада | -айылдык кеңештин депутаты |
3. Нурматов Советбек | -айылдык кеңештин депутаты |
Аттокуров Абдыкалык | -айылдык округунун жер, турак-жай – коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис. |
Аттокурова Шазаада | -айылдык округунун социалдык сектор башчысы . |
3. Айылдык округунун Т.Темиралиев атындагы орто мектебине караштуу бүтпөй калган ашкананын курулушун бузуу максатында төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
1. Турсуналиева Анипа | -айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрайымы; |
Мүчөлөрү : | |
2. Эркебаев Бактыяр | -айылдык кеңештин депутаты, |
3. Асанов Маматкул | -айылдык округунун башчысынын орун басары; |
4. Аттокурова Шазаада | айылдык округунун сектор башчысы; |
5. Максытов Нуржан | -Кыргыз-Ата айылынын айыл башчысы ; |
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Назарбаев |