Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-7
Кыргыз-Ата айылдык округуна караштуу Ак-Булак айылына
көрүстөндү кеңейтүү үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун Ак-Булак айылындагы көрүстөндүн толуп бара жаткандыгына байланыштуу, айылдын күн чыгыш тарабындагы эски көрүстөндү кеңейтүү максатында Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун КБФ жеринен Ак-Булак айылындагы көрүстөндү кеңейтүү үчүн 2,6га жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтын трансформациялоого документтерди даярдап берүү айылдык округуна милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Назарбаев |