Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-5
Кыргыз-Ата айылдык округундагы Т.Темиралиев атындагы орто
мектебине караштуу бүтпөйкалган ашкананын курулушун бузуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округуна караштуу Т.Темиралиев атындагы орто мектебинде 1992-жылы курулушу башталган ашкананын бүтпөй калган дубалдары ачык жерде туруп, жараксыз абалга келип калгандыктан, курулушту бузуп жарактуу материалдарын алып иштетүү максатында Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округуна караштуу Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин бүтпөй калган ашканасынын курулушу атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда бузулсун.
2. Бузуудан чыккан жарактуу курулуш материалдары айылдык округунун бухгалтериасына кириштелип, кайрадан Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында иштетилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмдин өнүктүрүү комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Назарбаев |