Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-1
Кыргыз-Ата айылдык округунун “Кызыр-Ата” СПАсынын 2013-жыл
ичинде аткарган иштери, 2014-жылда аткара турган иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун «Кызыр-Ата» суу пайдалануучулар асоссациясынын 2013-жыл ичинде аткарган иштери жана 2014-жылда түзүлгөн иш пландары тууралуу “Кызыр-Ата” СПАнын директору Р.Жумабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы «Кызыр-Ата» суу пайдалануучулар асоссациясынын 2013-жыл ичинде аткарган иштери белгиленсин.
2. “Кызыр-Ата” СПАсынын 2014-жылда аткара турган иш-пландары бекитилсин.
3. Ак-Булак айылындагы суу пайдалануучуларды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу СПА кеңешине милдеттендирилсин.
4. Кыргыз-Ата айылдык округунун суу пайдалануучулар тарабынан төлөнүүчү суу акысы боюнча карызкорлордун тизмесин түзүү жана тез арада өндүрүү боюнча иш-чараларды көрүү “Кызыр-Ата” СПАсынын директору Р.Жумабаевге жана бухгалтери Д.Зайнидиновага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Назарбаев |