Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XI–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 28-сентябры № 7
Айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүн компьютерлер менен камсыздоо жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллаевдин бөлүмгө 4 комплект компьютер алып берүү жөнүндөгү сунушун угуп жала талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнун башчысы А.Абдуллаевдин бөлүмгө 4 комплект компьютер алып берүү жөнүндөгү сунушу жергиликтүү бюджет 2013-жылда аяктап бараткандыгына байланыштуу канааттандырылбасын.
2. Айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллаевге бөлүмдү компьютерлер менен камсыздоо боюнча 2014-жылдын бюджетине киргизүү сунушталсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |