Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XI –(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 28-сентябры № 5
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдинов «Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү Крыгыз Республикасынын Президентинин «2013- жыл - Иштерман жылы» деп жарыялаган Жарлыгынын алкагында 2013-жылдын 9-айында айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын чыӊдоодо салыктын түрлөрүнөн ашыкча киреше түшүрүп, 2012-жылга салыштырмалуу бир катар ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.
Атап айтканда, ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнүүчү салык 349,8 миӊ сомго, транспорт каражаттарынан түшкөн салык 240,0 миӊ сомго ашыкча аткарылган.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамынын 17-беренесинин 2-пункту нун талаптарына ылайык 2013-жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин бир айлык эмгек акы өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйлоону сунуш кылды.
Айылдык кенештин депутаттары билдирүүнү угуп жана талкуулап чыккандан кийин, айылдык кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-айында бюджетке салык- тын түрлөрүнөн пландан ашыкча киреше түшүргөн ийгиликтери үчүн айыл өкмө түнүн кызматкерлерин бир айлык эмгек акы өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйлоого уруксат берилсин.
2. Кызматкерлерди сыйлоо боюнча акча каражаттарын ажыратып бюерүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |