Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XI–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 28-сентябры № 4
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айлынын жалпы элдик чогулушунун
2013-жылдын 9-августундагы протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кенештин депутаттары кенештин катчысы М.Маматалиевдин “Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айлынын жалпы элдик чогулушунун 2013-жылдын 9-августундагы жалпы элдик чогулушунун Жарооз айылындагы Ак-Колот айлы менен жанаша турган көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, эмгектин ардагери, Ак-Колот айлын түптөгөн инсан Козуев Мурзакматтын атын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун бекитүү жөнүндөгү” билдируусун угуп жана кеңири талкуулагандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айлынын жалпы элдик чогулушунун 2013-жылдын 9-августундагы протоколу бекитилсин.
2. Жарооз айлындагы Ак-Колот айлы менен жанаша турган көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, эмгектин ардагери, Ак-Колот айлын түп¬төгөн инсан Козуев Мурзакматтын аты ыйгарылсын.
3. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тиешелуу иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |