Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XI–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 28-сентябры № 3
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга киреше жана чыгаша сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айылдык кенештин депутаттары айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы Р.Рахматовдун 2013-жылга 9-айлыгынан кийинки ашыкча түшкөн акча кара жаттарынын киреше жана чыгаша сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо лорду киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкууланып, алар тарабы нан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмүтүнүн 2013-жылдын 9-айында план боюнча 11978,6 миӊ сом болуп, аткарылганы 14755,5 миӊ сомду түзгөндүгү белгиленсин.
2. 2013-жылдын 9-айында иштетилбей калган статьялардагы акча каражат тарын бөлүмдөн бөлүмгө (раздел) өткөруп, каржылоого уруксат берилсин.
3. Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл екметунун 2013-жылдын 9-айында план боюнча 2087,6 мин сом болуп, аткарылганы 2028,5 мин сомду тузгендугу белгиленсин.
4. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-айлыгынын бюджети нин артыкча кирешелери 3586,4 мин сомду түзүп, аткарылбай калган киреше 802,0 миӊ сомду түзөт, ал эми таза киреше 2784,4 мин сомду түзгөндүгү белгиленсин.
5. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-айлык бюджети ашык ча каражаттардын киреше жана чыгашалары менен 2784,4 миӊ сом өлчөмундө бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылга кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1, № 2 тиркемелерге ылайык аныкталсын.
7.Кара-Суу райондук финансы бөлүмүнөн ашыкча түшкөн киреше эсебинен план иштеп берүү жагы суралсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |