Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XI–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 28-сентябры № 2
Бюджеттик эмес фондду түзүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун айыл өкмөтүнүн бюджетине көз каранды болбогон, айылдардын инфраструктурасына,мадани ятка, спортко, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине бюджет тен тышкары финансылык колдоо көрсөтүү максатында бюджеттик эмес фонд түзүүгө айыл өкмөтү муктаж экендиги жөнүндөгү демилгесин угуп жана талкуулап чыккандан кийин, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардын инфраструктурасына, маданиятка, спортко,билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине бюджеттен тышкары финансылык колдоо көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн алдында бюджеттик эмес фонд түзүүгө макулдук берилсин.
2. Фонддун экономикалык, өндүрүштүк жана финансылык иш аракеттерин жөнгө салуучу «Бюджеттик эмес Фонддун» Жобосун иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Фонддун экономикалык, өндүрүштүк жана финансылык иш аракеттери нин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө үчүн депутаттардан, айыл өкмөтүнүн адистеринен жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган атайын байкоочу кенеш түзүлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |