Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XI–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 28-сентябры № 1
КБФунун жерлерин ижарага берүү боюнча тоорук өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул, Жарооз, Андижан-Маала жана Тажик-Маала айылдарынын дыйкандарына КБФунун жерлерин ижарага берүү мөөнөттөрү 2013-жылдын октябрь айында аяктагандыгына байланыштуу кайрадан тоорук өткөрүү убагын, ар бир гектар жердин баштапкы баасын, тооруктун кадамын белгилеп, тоорукту өткөрүү жөнүндөгү жер адистеринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген» Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү» Типтүү жобонун шарттарына ылайык айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул, Жарооз, Андижан-Маала жана Тажик-Маала айылдарындагы КБФунун жерлерин ижарага берүү боюнча 2013-жылдын октябрь-ноябрь айларында тооруктар өткөрүлсүн.
2. Ижара акыдан карызы бар дыйкандар тоорукка киргизилбесин.
3.Тооруккка коюлган КБФунун жерлери контурлар боюнча такталып, ошол контурда жайгашкан жерлердин өзгөчөлүктөрүнө жараша баалансын.
4. Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул, Андижан-Маала жана Тажик-Маала айылдарында ижарага берилүүчү сугат жерлердин бир гектарынын баштапкы баасы 4300 (Төрт миӊ үч жүз) сомдон, ар бир кадамы 400 (Төрт жүз) сомдон;
Түз берүү жолу менен КБФунун жерлери төмөндөгү атуулдарга берилсин:
- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына 1 гектарына 1435 (Бир миӊ төрт жүз отуз беш) сомдон;
-Мөнөк,Кенжекул айылдарынын ооганчыларына жана Чернобыль апаатынын катышуучуларына 1 гектарына 3000 (үч миӊ) сомдон;
-Жарооз айылынын ооганчыларына жана Чернобыль апаатынын катышуучуларына 1 гектарына 1435 (Бир миӊ төрт жүз отуз беш) сомдон ;
- Кенжекул айылынын «Бай түшүм» жамаатына 1 гектарына 3010 (үч миӊ он) сомдон ижара акыларынын өлчөмдөрү белгиленсин.
5. Ар бир гектар сугат айдоо жери үчүн 481-20 сом жер салыгын, 481-20 сомдон социалдык төлөм акысын ижара акысынан тышкары төлөө жагы белгиленсин.
6. Тооруктарды өткөрүү комиссиясынын мүчөлөрүнө – КР ЖК 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген Типтүү жобонун шарттарын катуу сактоо менен тооруктарды жогорку уюшкандыкта жана өз мөөнөттөрүндө өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |