Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X –(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 14
Кенжекул айлынын жалпы элдик чогулушунун 2013-жылдын 15-июлун
дагы № 1 протоколун бекитүү жөнүндө
Кенжекул айлынын суу пайдалануучулары «Жалалдинов» СПАсынан бөлүнүп өздөрү Кенжекул айлынын суу пайдалануучуларынын Ассоциациясын түзүү жөнүндө чогулуш өткөрүп, чогулушка катышкандар бул сунушту толугу менен колдошуп, 163 дыйкан чарбалардын жетекчилеринин колдору коюлган тизмесин жана жалпы чогулуштун протоколун бекитип берүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан.
Депутаттар Кенжекул айлынын суу пайдалануучуларыныи айылдык СПА түзүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, кеӊири талкуулагандан кийин алардын арызын канааттандыруу максатында Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул айлынын суу пайдалануучуларынын айылдык «Нурдинов Ж» СПАсын түзүү жөнүндөгү 2013-жылдын 15-июлундагы протоколу анын Уставына ылайык бекитилсин.
2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө - Кенжекул айылдык «Нурдинов Ж» СПА сынын тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин атайын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |