Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 12
«Кыргызмамжердолбоор» ишканасынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Мамазакировдун айыл өкмөтүнүн чекараларын белгилөө боюнча «Кыргызмамжердолбоор»ишканасы иштеп чыккан долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн чекараларын белгилөө боюнча «Кыргызмамжердолбоор» ишканасы иштеп чыккан долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Мамазакировго -«Кыргызмамжердолбоор» ишканасы иштеп чыккан долбоордун көчүрмөсүн алып, айыл өкмөтүнүн архи вине өткөрүп берүү жагы тапшырылсын.
3. Чекараларды белгилөө боюнча долбоордун көчүрмөсүн архивде сактоо жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |