Редакцияот 27.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы

 

2013-жылдын 27-июлу № 10

Кара-Суу райондук Мамлекеттик салык кызматынын «Бирдиктүү терезеси»

 үчүн компьютер алып берүү жөнүндө

 

Депутаттар айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллаевдин Кара-Суу райондук Мамлекеттик салык кызматынын «Бирдиктүү терезеси» үчүн компьютер алып берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кенештин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн салыктардын түрлөрү боюнча пландарынын аткарылышына жана салык бөлүмүнүн кызматкерлерине практикалык жардам көрсөт- көндүгү үчүн Кара-Суу райондук Мамлекеттик салык кызматынын «Бирдик түү терезеси» үчүн 1 (Бир) компьютер алууга акча каражаты ажыратылсын.

2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Р.Рахматов) - компьютер алуу учун ажыратыл ган акча каражатын өз убагында которуп берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов