Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин IX–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 20-июлу № 5
Кашкар-Кыштак айлындагы А,Навои атындагы орто мекетебинин от казанынын жаӊы
курулушуна акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
А.Навои атындагы орто мектебинин директору З.Абдикадиров мектептин от казаны мектептен алыс жайгашкандыктан (210 м) ысык суунун жылуулугу талаага кетип, мектептин ичи жана класстар ысыбай,кыш мезгилинде окуучу лар жана мугалимдер суукка чалдыгып, сасык тумоо менен оорушуп, окуу процессине кедергисин тийгизип жаткандыгын, бул жөнүндө «Сандвич» ЖЧКу нун инженердик изилдөө боюнча техникалык корутундусу бар экенди гин, ошон дуктан от казанды жакыныраак жерге жылдырып, жаӊы от казан куруу зарыл экендигин билдирип, арыз менен кайрылган.
Айылдык кенештин депутаттары З.Абдикадировдун арызын каpan жана тал куулап чыгып, чындыгында мектептин от казаны жакын жерге жылдырууга муктаж экендигин, бул маселени туруктуу комиссиясы да текшерип чыккан- дыгын ырасташып, арызды канааттандыруу максатка ылайык деп колдоого алышты.
Жогорудагылардын негизинде айылдык кенеш,
1. «Сандвич» ЖЧКунун инженердик изилдеелердун жыйынтыгы боюнча корутундусунун негизинде А.Навои атындагы орто мектебинин директору
3. Абдикадировдун «Мектептин от казанын жакын жерге жылдыруу жөнүн гу» арызы канааттандырылсын. (Корутунду тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө от казандын жаӊы имаратынын курулушу үчүн жергиликтүү бюджеттен 700 000 (Жети жүз миӊ)өелөмүндө акча каражатын ажырагып беруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин өнер жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика боюнча комиссиясына жүктөлсүпн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |