Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин IX–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 20-июну № 3
Кенжекул айлындагы ӨЖТ-нун (Өз ара жардамдашуу топтору)
Уставын бекитүү жөнүндө
Депутаттар Кенжекул айлынын тургуну Ш.Тойчиеванын ӨЖТ-нун Уставда рын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында жумушчу орундарын түзүү жана жакырчылыкты жоюу максатында Кенжекул айлында дыйканчылык багытында түзүл- гөн «Максым»,«Роза»,«Аль-Барака», «Киреше», «Береке», «Нурдин», «Султан» жана «Бай түшүм» ӨЖТларынын (өз ара жардамдашуу топтору) демилгеси колдоого алынсын жана алардын Уставдары бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнө жогоруда аталган ӨЖТ-рун каттоого алыр,алардын иштерин эл арасында жайылтуу, алардын өнүмдүү иштешине шарт түзүү үчүн ар кандай жардам көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |