Редакцияот 20.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин IX–(бешинчи шайланган) сессиясы

 

2013-жылдын 20-июну № 2

Жарооз жана Кайрагач айылдарынан жеке турак жай курууга 33 га жер аянтын

ажыратуу үчүн акча каражатын белүү жөнүндө

 

Депутаттар жер адиси С.Мамазакировдун Жарооз жана Кайрагач айылдарынан жеке турак жай курууга 33 га жер аянтын ажыратуу үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыккандан кийин, айылдык кенештин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-майындагы «Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартиби жөнүндөгү» № 177 токтомунун шарттарына ылайык айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндөгү түшкөн арызда рын канааттандыруу максатында Жарооз жана Кайрагач айылдарынан жеке турак жай курууга 33 га жер аянтын ажыратуу, иш кагаздарын даярдоо (топо сьемка, генплан) үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнө (Р.Рахматов) - 33 га жер аянтын ажыратууга, даярдоого (топосьемка, генплан) кеткен чыгымдарды өз убагында төлөп берүү жагы мил- деттендирилсин.

3. Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тиешелүү иш кагазадарын даярдап берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов