Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин VIII–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 21-майы № 4
Бекжар айлындагы чөп чабык жерлерди
ижарага берүү боюнча тоорук өткөрүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн айыл чарба белумунун башкы адиси С.Мамазакиров дун Бекжар айлындагы чөп чабык жерлердин ижарага берүү мөөнөттөрү бүткөндү гүнө байланыштуу кайрадан тоорук өткөрүп,дыйкандарга ижарага берүү зарыл экендиги жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыккандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекжар айлындагы чөп чабык жерлердин ижарага берүү мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу ал жерлерге кайрадан тоорук өткөрүлсүн.
2. Чөп чабык жерлерди ижарага берүү тоорук өткөрүү, даярдык көрүү айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнүн адистери С.мамазакировго жана С.Дадажановго тапшырылсын.
3. КБФунун жерлерин ижарага берүү боюнча тоорук өткөрүү комиссиясына
- тоорук өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «КБФунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү» Жобонун жана башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, агроөнөр жайы, кыймылсыз мүлккө укуктарды кат тоо жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |