Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин VIII–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 21-майы № 1/2
Кашкар-Кыштак айлындагы ЖИ «Мамажанов» клиникасынын эмгек жамаатынын
жалпы чогулушунун № 1 протоколун бекитүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айлындагы ЖИ «Мамажанов» клиникасынын эмгек жамааты азыркы убактагы кымбатчылыкты эске алып, бейтаптарды дары лоодо 10 күнгө 4000 сом кызмат көрсөтүү төлөнө турган сумманын тарифин бекитип берүү жөнүндөгү жалпы чогулуштун протоколун карап жана талкууулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айлындагы ЖИ «Мамажанов» клиникасынын эмгек жамаа тынын жалпы чогулушунун « бейтаптарды дарылоодо кызмат көрсөтүү үчүн 10 күнгө 4000 сомго койгон тарифи» жөнүндөгү № 1 протоколу бекитилсин.
2. ЖИ «Мамажанов» клиникасынын эмгек жамаатына - бейтаптарды дары - лоодо коюлган тарифке жараша шарттарды түзүп берүү, санитардык-гигиеналык нормаларга жооп берүүсү, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана клиниканы жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу кадрлар менен камсыз кылуу жактары милдеттендирилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |