Загрузка документа…
КАШКАРКЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин VI–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 14-марты № 1
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Депутаттар Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесиннин, Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы «Кашкар-Кыштак жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүү нүн жыйынтыктары жөнүндөгү» жана «Кашкар-Кыштак жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү» Протоколдорун карап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесининин талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айыл өкмө түнүн башчысын шайлоо боюнча 2013-жылдын 14-мартындагы өткөрүлгөн шай лоо мыйзамдардын талаптарын сактоо менен ачык жана таза өткөрүлдү деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49 беренесининин, Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2013 жылдын 14мартындагы «Кашкар-Кыштак жергиликтүү өз ал дынча башкаруу сунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү» жана «Кашкар-Кыштак жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү» Протоколдо рунун негизинде шайлоодо добуштардын зарыл болгон санын алган айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкер Насирдинов Мухидин Салайдинович айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайланды деп эсептелсин.
3. Шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү потоколдун 1 нускасы Борбордук Шайлоо комиссиясына жана БШКнын сайтына жайгаштыруу үчүн, экинчи нускасы райондук аймактык шайлоо комиссиясына сактоо үчүн, көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жөнөтүлсүн жана добуш берүүчү жайдагы бардык катышуучуларга алардын талаптары боюнча берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыӊдоо,кенештин иштери жана депутаттык этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |