Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-февралы№ 11
Теплоключенка айыл аймагынын
жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акысын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна жана 10-беренесинин 3-пунктуна ылайык, туруктуу агрардык комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акысынын өлчөмү (көлөмү) салыктын базалык ставкасынан кем эмес белгиленип, төмөнкүдөй бекитилсин жана жайыт пайдалануунун жылдык планына киргизилсин:
шарптуу мал башына (ШМБ):
жылкы 100 сом;
бодо 100 сом;
кой/эчки 20 сом
Эскертме: бекитилген жайыт акысынын ичинде жайт жеринин салык төлөмдөрү камтылган.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо ‰ч‰н жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы туруктуу агрардык комиссиянын төрагасы К.О.Бекиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | К.С.Джаныбеков |