Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-февралы № 4
Депутат Тыналиев Кубанычбек Усенакуновичтин
депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы №98 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 52-беренесинин 2 пунктунун 1 жана 6 подпуктарына ылайык, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешинин депутаты Тыналиев Кубанычбек Усенакуновичтин жазуу жүзүндө арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөң мурда токтотулсун жана анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо ‰ч‰н жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттык этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Малабековго жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | К.С.Джаныбеков |