Редакцияот 22.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVI-чакырылышынын 26-сессиясы

2014-жылдын 22-декабрындагы №54

Атайын техника сатып алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-19 беренелеринин жана туруктуу комиссияларынын 2014-жылдын 9-декабрындагы биргелешкен отурумунун №44 протоколунун негизинде Теплоключенка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү бюджетте 2014-жылы каралган 4.0 млн сомго төмөндөгүдөй атайын техника алынсын: МЗ-82 улгүсүндөгү экскаватор-бульдозер - 1 даана жана трактор жаактуу сузгучу менен - 1 даана (жалпы баасы 4 млн 113.2 миң сомду түздү). 

2. Жетишпеген акча каражаты 2015-жылдын бюджетинен каралсын.

3. Сатылып алынган техника “Ак-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.

4. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин.

5. Айылдык кењештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.

6. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

К.С.Джаныбеков