Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 69
Социалисттик-Эмгектин Баатыры Ш. Санжаровдун ысымын өзү жашаган көчөгө ыйгаруу жөнүндө.
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги ХII сессиясы Мырза-Аке айылындагы Т.Сатылганов атындагы көчөнүн тургундарынын Социалисттик - Эмгектин Баатыры Ш. Санжаровдун ысымын өзү жашаган көчөгө ыйгарууну суранган арыздары, элдик жыйындын протоколу менен таанышып чыгып, талкуулап жана соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну Ш. Санжаровдун ысымы өзү жашаган Т. Сатылганов көчөсүнө ыйгарылсын.
2. Ысымы коюлган көчөнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине жакындан жардам берүүнү колго алуу маркумдун үй бүлөсүнө эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |