Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 70
Мырза-Аке айылынын тургуну Бообеков Калбайга «Айылдын
ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө.
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги сессиясы Мырза-Аке айылынын тургундарынын чогулушунун протоколу менен таанышып, Мырза-Аке айылынын тургуну, ишкер Бообеков Калбайга «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгарууну суранган арызын талкуулап жана соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну, ишкер Бообеков Калбайга «Айылдын ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |