Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 76
Өзгөн РИИБнүн кайрылуу каты жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин ( V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги ХIII сессиясы Өзгөн РИИБнүн Мырза-Аке ПОМунун имаратын ремонттоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам сураган кайрылуу каты менен таанышып чыгып талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке ПОМунун имаратын оңдоп түзөөгө айыл өкмөтүнүн бюджетинин кошумча кирешелер бөлүгүнөн 10 (он) миң сом жардам берилсин.
2. Акча каражаты менен камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Аскаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |