Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 79
Мамат Оморов атындагы балдар музыкалык мектебинин жамаатынын кайрылуусу жөнүндө.
Мырза-Аке айылдык кеңешинин ( V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги ХIII сессиясы Мамат Оморов атындагы балдар музыкалык мектебинин жамаатынын улуттук форма үчүн акча каражатын сураган кайрылуусу менен таанышып чыгып талкуулап, төмөндөгөдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамат Оморов атындагы балдардын музыкалык мектебине окуучуларга улуттук форма алуу үчүн бюджетинин кошумча киреше бөлүгүнөн 40,0 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аталган статьядан акча каражаты менен камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Аскаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |