Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 83
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Аскаровдун кайрылуусу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин ( V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги ХIII сессиясы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын кайрылуусу менен таанышып чыгып талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн мунарасы үчүн өткөрүлүүчү марафонго айыл өкмөтүнүн 50,0 (элүү миң сом бөлүнүп берилсин.
2. К.Р. Өкмөтүнүн 21.04.2006-жылдагы №286 токтомуна ылайык (2-3 пункт) жергиликтүү бюджеттин акча каражатынын 0,3% дан кем эмес бөлүгү 44,3 миң сом спортту өнүктүрүүгө бөлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы экономика, бюджет, маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Кимсанов |