Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-июлу № 87
Мырза-Аке айылынын тургуну Р. Курманкуловдун арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XV сессиясы Мырза-Аке айылындагы Тынчтык кварталынын биринчи көчөсүнүн тургундарынын коомдук ишмер маркум Аалыев Кудайбердинин ысымын Тынчтык көчөсүнө ыйгарууну суранган өтүнүчү, элдик жыйындын протоколу менен таанышып чыгып, талкуулап жана соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну коомдук ишмер маркум Аалыев Кудайбердинин ысымы « Тынчтык» кварталынын биринчи көчөсүнө ыйгарылсын.
2. Ысымы коюлган көчөнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине жакындан жардам берүүнү колго алуу маркумдун үй бүлөсүнө эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |