Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-июлу № 89
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Ш. Санжаров айылынын тургундарынын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги ХV сессиясы Мырза-Аке айылындагы Ш. Санжаров айылынын көчөсүнүн тургундарынын эмгектин ардагери маркум Төкөшев Эрмектин ысымын Обком Жаңы-Чек участкасынын 2-көчөсүнө ыйгарууну суранган өтүнүчү, элдик жыйындын протоколу менен таанышып чыгып, талкуулап жана соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну, маркум Төкөшев Эрмектин ысымын Обком Жаңы-Чек участкасынын 2-көчөсүнө ыйгарылсын.
2. Ысымы коюлган көчөнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине жакындан жардам берүүнү колго алуу маркумдун үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |