ТоктомКүчүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2014-жылдын 1-июлундагы № 92 «Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну, ишкер К. Токошовдун арызы жөнүндө» токтому

Редакция01.07.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин ( V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги ХV сессиясы

 

2014-жылдын 1-июлу № 92

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну, ишкер К. Токошовдун арызы жөнүндө

К. Токошовдун арызы менен таанышып чыгып талкуулап, Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги ХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын  «Жер» кодексинин 28-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнөндө» мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Кирпичный участкасынан 3 га жер аянты ЖЧКК. Токошевге №3596ТЕ 28.04.2014-жылы берилген лицензиясынын негизинде топурак казыл алуучу карьерге уруксат берилсин.

2. Өзгөн райондук архитектура бөлөмөнөн иш кагаздарын даярдап берүү жагысуралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык кеңешинин  төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна тапшырылсын.

 

Төрага

А. Кимсанов