Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 106
Мырза-Аке айылынын тургуну эмгек ардагери Тажибеков Калдарбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (Vчакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы айыл өкмөттүн тургуну эмгек ардагери Тажибеков Калдарбектин арызы менен таанышып чыгып, Нооруз көчөсүнөн жашоочуларынын Тажибеков Калдарбектин ысымын Нооруз көчөсүнө ыйгарууну суранган өтүнүчү, элдик жыйындын протоколу менен таанышып, туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Мырза-Аке айылынын тургуну эмгек ардагери Тажибеков Калдарбектин ысымын өзү жашаган Нооруз көчөсүнө ыйгарылсын.
2. Ысымы коюлган көчөнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине жакындан жардам берүүнү колго алуу Тажибеков Калдарбектин өзүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |