Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 109
Мырза-Аке “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Жумалиев Садырбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (Vчакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Жумалиев Садырбектин арызы менен таанышып чыгып, эл муктаждыгын эске алып, айыл өкмөттүн билдирүүсүн угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке миниципалдык “Тазалык” ишканасына айыл өкмөттүн каражатынан техника сатып алуу үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Сапаты жогору техника тандоо айыл өкмөттүн башчысы Р. Мырзакуловго, “Тазалык” ишканасынын жетекчиси С. Жумалиевке милдеттендирилсин.
3. Акча каражаты менен камсыздоо айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы А. Аскаровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |